У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мыйзамсыз байыганы үчүн кармалган Жээнбековдун кайниси Айбек Токоев эки айга камалды


Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Ал мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, 20-январда Биринчи май райондук сотунда Токоевдин баш коргоо чарасы тандалып, 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган.

Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес. Эл арасында Токоев кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун кайниси экени айтылып жүрөт. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter