У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мыйзамсыз байыган. УКМК Финполдун кызматкерин колго түшүрдү


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз байыгандыгы үчүн кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын Т.А.Р. аттуу жетекчиси, майор 2014-жылдан тарта чоң кызматтарда иштеп жүрүп Ош менен Бишкектен 15тен көп кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Анын бардыгы жакын туугандарына катталган.

Мындан сырткары, Ош шаарындагы 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушунун чыгымын көтөргөн.Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келбей жатканы айтылат.

Ал кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter