Алдамчылыкка шектүү деген аял Курсан Асановдун жубайы экени айтылды
- 08.01.2021, 10:44,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Алдамчылыкка шектелип жаткан аял президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экени белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.
Кечээ, 7-январда УКМК президенттикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип жатканын айткан.
Ал эми Күлнара Үсөнканованын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова аны шектүү деп атоо туура эмес экенин, Кой-Таш окуясынан бери Курсан Асановдун жубайы укук коргоо органдарына көп жолу чакырылып, ага карата ар кандай айыптарды тагуу аракеттери болгонун билдирди.