У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттик шайлоого ат салышып жаткан төрт талапкер биригип, тандем түзүштү


 Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана Канат Исаев биригип, тандем түзүштү. Бул тууралуу алар 29-декабрда билдирүү жасашты.
 
Маалымат жыйында алар биригүү чечимин кабыл алышканын жарыялашты. Бирок ар бири өз алдынча талапкер катары калышты. Эгер бул жолку шайлоо жокко чыгып, кайра президенттик шайлоо өтө турган болсо шайлоодо бир талапкерди көрсөтө тургандарын билдиришти. 
 
Ошондой эле пресс-конференция учурунда алар башка талапкердин бир катар мыйзам бузуулары, 2020-жылдын октябрь айында чыккан сот актылары боюнча пикирлерин айтышты. 
 
Бардык айтылган мыйзам бузуулар боюнча Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылышып, кызматташуу жөнүндө меморандум даярдашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter