У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каныбек Иманалиев: "Садыр Жапаров мыйзам бузуу боюнча чемпион болду"


Бүгүн, 29-декабрда  президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев маалымат жыйын берүүдө. Анда Иманалиев  Садыр Жапаров административдик ресурс колдонуп жатканын айтты.

Каныбек Иманалиев Садыр Жапаров резиденцияда жашап жатканын белгиледи. Ал "Садыр Жапаров мыйзам бузуу боюнча чемпион болду" деген пикирин билдирди.

Ал эми президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов Жапаровдун резиденцияда жашап жатканы тууралуу буларды билдирди. 
 
"Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Ал өкмөт башчы катары резиденцияда жашаганга укугу бар. Ал эми тамак-аш, байланыш, унаа өзүнүн эсебинен, мамлекеттен каржыланбайт", - дейт ал. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter