УКМК: Матраимовдун мүлкү мамлекетке өткөрүлөт
- 26.12.2020, 13:35,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Райымбек Матраимов тарабынан берилген батирлер УКМКнын кызматкерлерине берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Берилген мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине алынат»,- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 24-декабрда, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Матраимовдордун батирлери УКМК кызматкерлерине бөлүштүрүлүп бериле турганын айткан.