У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: «Райым Матраимов 2 миллиард сомду толук төлөп бүттү»


 
Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2 миллиард сомду мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлөт. 
 
«Матраимов келтирилген зыяндын ордун толтуруп, 2 млрд. сомду толук мамлекеттке төлөп берди. Ал 1 миллиард 400 миллионду акчалай, ал эми  600 миллионду кыймылсыз мүлк түрүндө которду - бул тогуз батир жана бир соода борбору», - деди Камчыбек Ташиев.
 
Ошондой эле Ташиев соода борбору мамлекетке өткөрүлүп, сегиз батир атайын кызматтын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө же башка социалдык мекемеге бериле турганын кошумчалады. 
 
УКМКнын башчысы кайсы соода борбору жөнүндө сөз болуп жаткандыгын ачыктаган жок. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter