У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мындай каралоо мыйзамга каршы келет! Жогорку сот Ташиевдин айткандарына жооп берди.


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгону тууралуу айткан. Анда төрайым  мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген ишке тиешеси бар деген. Көп өтпөй Жогопку сот Ташиевге жооп берди.

Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертти. Жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин шектүү күнөөсүз деп саналары белгиленген.

"Жергиликтүү сот" деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду Европа биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү" программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, подрядчыларды тандоону эл аралык уюм өзү жүргүзөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок", — дешти Жогорку соттон.

Ошондой эле сот бийлиги өлкөнүн аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү тарабынан конструктивдүү эмес сындарга жана айыптоолого уламдан-улам кабылып жатканы белгиленди.

"Алар сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомчулуктун талкуусуна алып чыгышууда. Сот тутумунун өкүлдөрүн айыптоолордун аягы алардын беделин түшүрүүгө алып келет. Мындай көрүнүш коомчулуктун сот органдарына болгон ишенимин кетирип, мыйзамдарга каршы келет", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter