У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Солтон -Сарыдагы алтын кенин белгисиз адамдар басып алып, казып жатышат


 
Бул тууралуу активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов социалдык тармактагы баракчасында жазды. 
 
«Шашылыш билдирүү. Кайра Нарында каракчылык башталды.
Бүгүн кечки саат төрттөр чамасында Солтон- Сары жайлоосундагы алтын кору бар Көл-Төр жана Чолок -Төр участканы Эмгекчилдин 20 жараны барып компанияга карашту участканы басып алышты. Алар жабылган штольнаны ачып кирип өз билгенин кылып жатышат. Кайтарган кароолчуга бизге Нарындын губернатору уруксат берди деп кароолчуну коркутуу менен басып алышкан. Ушу убакта палаткаларын тигип, жабык штольнага кирип корду казып киришти»,-деп жазды ал. 
 
Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алганын Нарын облустук милициясы "Азаттыкка" ырастады.
 
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринен турган топ жөнөп кеткенин, толук маалымат 24-декабрда бериле турганын билдирди. 
 
Солтон-Сары алтын кени кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Өткөн жылы жергиликтүү эл кенди иштештүүгө нааразы болуп, чыр-чатак чыгып, аталган компаниянын иши токтотулган эле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter