Зайнидин Курмановдун кызы Садыр Жапаровдун фондуна 5 миллион сом которду
- 22.12.2020, 13:56,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курмановдун кызы - Малика Курманова - президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп, өз каражатынан анын фондуна 5 миллион сом которду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Экс-спикердин кызы жеке ишкерлик менен алектенери айтылууда.
Зайнидин Курманов кызынын өз чечими жана көз карашы бар экенин, ал кимди колдоорун өзү чечерин маалымат каражаттарына берген маегинде айтты.