У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аймактарга финансылык жардам берилет. Казакбаев Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Аравия Падышалыгынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Министр "Сауд өнүктүрүү фондунун" линиясы боюнча өлкөдө социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Аравиясынын көп жылдан бери жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мында ал жалпы билим берүү мектептерин жана кеңири адистештирилген ооруканаларды куруу үчүн, айрыкча, өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында финансылык жардам тартуунун маанилүүлүгүнө элчинин көңүлүн бурду", — деп айтылат маалыматта. 

Эки тарап инвестиция тартуунун, ири долбоорлорду ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолушкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter