У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Максат Мамытканов: «Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар орун алса катаал чаралар көрүлөт»


Өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенүүдө жана ал үчүн аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракетин бириктирүүгө даяр. Бул вице-премьер-министр – Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамытканов Нарын облусундагы көчмө жыйында билдирди.
 
Ал белгилегендей, мыйзам бузуулар орун алган учурда катаал чаралар кабыл алынат.
 
«Укук коргоо органдары алдында так милдет – ар кандай мыйзам бузууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети коюлган. Учурда республиканын ар бир жаранында уюлдук телефон бар, тартып, бизге жөнөткүлө, биз ыкчам чараларды кабыл алабыз. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурс жана башка мыйзам бузууларга жол берилбеши керек», - деп кошумчалады Максат Мамытканов.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter