У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вице-премьер: "Шайлоодо административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбеши керек"


Вице-премьер-министр Максат Мамытканов административдик ресурсту пайдаланууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбеши керек экендигин айтты.

Бул туурасында ал президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн көчмө жыйынында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Максат Мамытканов белгилегендей, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу чечими президентти шайлоо жүрүшүндө добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо иретинде кабыл алынган.

"Алдыдагы шайлоо максималдуу түрдө таза жана ачык-айкын өтүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракеттерин бириктирүү керек, анткени ар бир жарандын шайлоо укуктарын ишке ашыруу бизден көз каранды", - деди вице-премьер-министр.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter