Депутаттар Аида Касымалиеваны кетирип, Гүлкан Молдобекованы алып келебиз деп жатышат
- 17.12.2020, 13:24,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Аида Касымалиеваны вице-спикерлик кызматтан кетирүү боюнча депутаттар кол чогултуп жатат. Бул маалыматты айрым депутаттар тастыктады.
"Мен деле кечээ уктум, Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен түшүрүүгө кол чогултуп жатышыптыр. Бул маселени КСДП фракциянын жыйынында карай турганы айтылууда. Азырынча буга эмне негиз болуп жатканы белгисиз. Вице-спикерликке Гүлкан Молдобекованы көрсөтүп жатышат", — деди Айсулуу Мамашова.