Депутаттарды "шылдың килемин" төшөп тосушууда. Жогорку Кеңештин алдында митинг өтүүдө
- 10.12.2020, 10:17,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында парламенттин алтынчы чакырылышын таратуу талабы менен митинг өтүп жатат.
Активисттер бүгүн эртең менен "шылдың килемин" төшөп коюшкан. Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда.
Акцияга чыккандар эл өкүлдөрүнөн Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум дайындоо демилгесин кайтарып алышын талап кылып жатышат.