Депутаттар эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлигин колдошту
- 25.11.2020, 13:43,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилигине Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырышты.
Анын талапкерлиги бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралды. Ализа Солтонбекованын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоп беришти, каршы чыккандар болгон жок.
Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, азыркы учурга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген.