Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги сунушталууда
- 23.11.2020, 11:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованы сунуштады.
Солтонбекованы кызматка дайындоого парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети, ошондой эле Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети макулдугун берген.Маселе шаршемби күнү парламенттин жалпы жыйынында добушка коюлат.
Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖКнын депутаттары жактырган эмес.