«Бир бол» фракциясы коалициядан чыгып, Өкмөттү отставкага кетирүүнү максат кылууда…
- 12.03.2020, 17:07,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңеш кийинки жумадан баштап Өкмөттүн жылдык отчёттун карап баштайт. Азыркы учурда, парламентте Өкмөттүн отчётун кабыл албай, отставкага кетирүү тууралуу маселе козголо баштады.
Ал ортодо шайлоо жакындаган сайын упай алууну максат кылган партия лидерлери кырадаалдан пайдаланып соодалашууну көздөп жатышат. Маселен, «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов коалициядан чыгууну максат кылып, саясий оюн баштаганы кеп болууда.
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөө үчүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, «Кыргызстан» партиясынын төрагасы Канат Исаев Өкмөт башчысы болууга жан үрөп жатышканы маалым болду.