У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Текебаев: «Өкмөт бечел, шалтурук, жетеленме – бул коркунучтун жеткен чеги»


Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып, өлкөдө экономика, инвестиция тармагы туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөттү күнөөлөдү:
 - Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда «бечел, шалтурук өкмөт» десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул - коркунучтун жеткен чеги - деп белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter