Атамбаевдин адвокаты менен жолугушуусун Жээнбеков видеого жаздырып турганбы?
- 18.11.2020, 10:06,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМКнын абагында Атамбаев менен жактоочу Сергей Слесаревдун жолугушуусу видеого жаздырылып турган. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Ал Атамбаевдин Слесарев менен жолугуп, сүйлөшүп жаткан видеонун кыска бөлүгүн жарыялады. Жоошевдин айтымында, видеону аты-жөнүн айткысы келбеген адам берген. Ал дискти 6-октябрга караган түнү Ак үйдөгү Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн алганын айткан.
Дискте Атамбаевдин менен Слесаревдун жолугушуусунун 42 мүнөттөн ашык видеосу сакталган. Ошондой эле дискте видео ушул жылдын 24-июлунда тартылганы жазылган.
Жоошев Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, кылмыш иш козгоону талап кылышарын кошумчалады.