Арстан Алай: "Садыр Жапаров президент болбойт. Периштелер өз ара сүйлөшүп, ошентип чечишти"
- 17.11.2020, 14:51,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Садыр Жапаров президент болбойт. Бул тууралуу Арстан Алай бүгүн, 17-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында периштелер өз ара кеңешип, ошентип чечишкен. Ошондой эле вирус Кыргызстанда жок экенин да айтты.
"
Вирус өлкөдө жок. Адамдар башка себептер менен каза болушту. Мен бул илдетти Кыргыз жерине жолотпойм деп айткам. Ал сөзүмө турдум. 2020-жылы Жээнбековдун убактысы бүттү. Эми мен президент болом. Периштелер өз ара сүйлөшүшүп, Садыр Жапаров президент болбойт деп чечишкенин аян аркылуу көрдүм. Дүйнөнү башкаруучулар менден кеңеш сурашы керек", - деди Арстан Алай.