Кочкор районундагы 4 алтын кени аукционго коюлду
- 16.11.2020, 12:44,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кочкор районун аймагында жайгашкан төрт алтын кени ачык аукционго коюлду. Бул тууралуу Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматта: Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети райондун аймагындагы төрт: “Төмөнкү Кең-Суу” -вольфрам жана алтындын запасы бар кенин, старттык баасы 4723 доллар, “Жогорку Кең-Суу” –алтындын запасы бар кенин, стартык баасы-4720 доллар, “Төрсуу” алтын запасы бар кенин, старттык баасы 6440 доллар, “Соңкөл” алтын кенин аукционго чыгарып жатканы айтылат.
Аукционго чыгарылып жаткан төрт алтын кендер боюнча аукцион 2020-жылдын 16-декабрында Кочкор районунда өтмөкчү.