Качып кеткен Кашкар Жунушалиевтин Кремлде концертте отурган видеосу тарады
- 16.11.2020, 12:12,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Учурда кайда экени белгисиз болуп жаткан мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин 10-ноябрда Орусиянын ички иштер кызматкерлеринин күнүнө карата Кремлде болуп өткөн концерттик иш-чарада отурган видеосу тарады.
Концерттин видеосу бир нече сайттарга жана Орусиянын Биринчи каналынын расмий интернет баракчасына жарыяланган.
Белгилей кетсек, 8-октябрда ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов маалымат жыйын өткөрүп, Кашкар Жунушалиевдин качып кеткенин айткан.