Үч эмге Жапар, Садыр, Нуркожо деген ысым берген ата-эне талкууга жем таштады
- 04.11.2020, 15:18,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (№6 төрөт үйү) перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келген. Үчөө тең эркек балдар.
Бүгүн, 4-ноябрда, төрөт үйүнөн үйгө чыккан үч эмдин энеси, 21 жаштагы Сезим Ырысбек кызы, журналисттерге ымыркайларга Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар берилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди ата-эне Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровго урмат көрсөтүү максатында ыйгарышкан.
Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары ким өлкө башчысы болсо анын ысымын балдарга ыйгара берүү жагалданууга жатаарын айтышып, ата-эненин бул кадамын Жапаровдон бир нерсе үмүт этүү катары баалап жатышат.
Кандай болгон күндө да бөбөктөрдүн бешик боосу бекем болуп, эл керегине жараган уулдардан болуп өсүшсүн дейли...