У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Расул Үмбеталиев пара менен кармалды


 УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан пара менен кармалган Расул Умбеталиев экени айтылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.
 
 Бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын пресс-борбору «Кыргыз жылуулук энерго» компаниясынын тендердик комиссиясынын мүчөсү, көмүр ташыган фирмадан 500 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Мекеме кармалган адамдын аты-жөнүн ачыктабаганы менен сүрөттөн Расул Үмбеталиевди таанууга болот.
 
Эске салсак, энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Үмбеталиев бир жыл мурда коррупцияга каршы «Таза кол» коомдук фондун түзгөн.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter