У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ветеринария жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов кармалды

  
Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов менен бирге мекемеге караштуу башкармалыктын, бөлүмдүн жана лабораториянын башчылары кармалды. Алар туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкан деген шек менен кармалышкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттик сатып алуу системасы аркылуу малды эмдөө үчүн биопрепарат жана вакцина сатып алууда мамлекетке пайдасыз келишимдер түзүлүп, натыйжада мамлекеттик бюджетке заян келтирилген. 

Териштирүү иштеринин жыйынтыгында эсеп палатасынын аудити бруцеллёзго каршы вакцина сатып алуу боюнча бир эле фактынын негизинде мамлекетке 31 миллион сомдук зыян келтирилгенин аныктаган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter