У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Кочкоровго кылмыш иши козголду


Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровго кылмыш иши козголду. Бирок ал суракка келбей жатат. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Жумашев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Жактоочунун айтканына караганда, экс-министр Улукбек Кочкоровго кызмат абалынан кыянттык менен пайдангандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Ал министр болуп турган учурда карылар үйүнүн жетекчиси Экингүл Абдылдаеваны мыйзамсыз кызматтан бошоткон. Министрдин бул чечими соттун үч инстанциясында теӊ мыйзамсыз деп табылган. Натыйжада мамлекетке да зыян келтирилген. Себеби карылар үйүнүн директорунун ушул кезге чейинки эмгек акысы мамлекеттин эсебинен төлөнөт.  Ошондой эле Кочкоровдун үстүнөн «көз боемочулук» беренеси менен да козголгон кылмыш иши бар. 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter