У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев абактан чыгат, сот актады


Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуя боюнча соттолгон Коопсуздук кызматынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө бошотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты. 
 
Эгер 10 күндүн ичинде соттун чечимине даттанбаса, соттун чечими күчүнө кирет жана Нурлан Темирбаевди №27 колониядан эркиндикке чыгарат. 
 
Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга 28 адам; мурдагы президент Курманбек Бакиев, экс-премьер-министр Данияр Үсөнов, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев жана анын эки орун басары- Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов күнөөлүү деп табылган. 
 
2016-жылы Жогорку Сот бул ишке чекит коюп, акыркы эки аскер кызматкерин күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter