Евробиримдик Кыргызстанга бөлө турган 6 млн евролук жардамын токтотту
- 27.10.2020, 16:08,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Европа Биримдиги Кыргызстанга бөлө турган 6 миллион евролук жардамын убактылуу токтотту. Бул каражат өлкөдөгү санариптештирүү иштерине жумшалмак. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, санариптештирүү иштерине бөлүнө турган каражат парламенттик шайлоо өткөнгө чейин токтоп турат жана калган программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр парламенттик шайлоодон кийин бекиген жаңы өкмөт менен жүрөт.
Билим берүүгө, саламаттык сактоого, таза сууга байланышкан долбоорлордун иши үзгүлтүккө учурабайт.