У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элнура Алканова: «Матраимов камалды деп сүйүнгөндөргө кайрылам, шашылбагыла…»


Бүгүнкү саясий, экономикалык кризиске, кырдаалга Райымбек Матраимовту жалгыз себепкер кылып, элди тынчытам деген максаты барлар көп экен. Бул тууралуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Текст өзгөртүүсүз берилди. 
 
Эльнура Алканова
1 ч  

Бүгүнкү саясий, экономикалык кризиске, кырдаалга Райымбек Матраимовту жалгыз себепкер кылып, элди тынчытам деген максаты барлар көп экен. 
Матраимовко жакындарынын бир бөлүгү бул жакта мыйзам жок, четке кетип кал дегендер болду, бирок ал киши: «Мыйзамдын астында өзүм жооп берүүгө даярмын, бүт жерди текшерсин, кудайдын астында колум таза», - деп турат. 
Акыйкатсыздык менен өткөн шайлоого, Жогорку Кеңеш, админ. Ресурс, укук коргоо органдары, ЦИК, шалаакылык менен жазылган мыйзамдар, президент, анан айлана чөйрөсү, ОПГ, анан добушту сатып алган кандидаттар менен добушун саткан эл күнөөлү. Бул бардык маселерди чече албагандар, эми күнөөнүн баарын Райымбек Матраимовту камап, жалгыз себепкер кылып алдыга жол таштап мурдагы чириген система менен кете беришет экен. 
Камалды деп сүйүнгөндөргө кайрылам. Шашылбагыла!Матраимовту жалгыз себепкер кылып камаган система, өлкөнү эч качан гүлдөтпөйт. 
Ушул кишини эле камаса биз жакшы жашайт элек деген айрым журналистер эми кулак салып, байкап турушсун, жашоо кайсы тарапка өзгөрөөрүн.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter