У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Кызматка барабыз дегендер уулума чалып 300 миӊ доллар сунушташууда…»


Кыргызстанда буга чейин мамлекеттик кызматтар акчага сатылып келген. Ар бир кызматтын ставкасы бар. Байлар 30 жылдан бери кызматтарды бөлүштүрүп келишкен. Бул тууралуу президенттин милдеттин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.
 
“Мамлекеттик кызматта иштегендер кызмат орундарды акчага сатып алып көнүп калышкан. Менин кызматка келгениме 10 күн болбой жатып, кызмат сурагандар жакындарыма чалып жатышат.  Менин уулума чалышып кызмат үчүн 300 миң доллар сунушташкан. Алар дагы деле кызматты сатып алса болот деп ойлоп жатышат окшойт. Эми андай болбойт, таза, ачык мамлекетке айланабыз»,-деди  Садыр Жапаров.
 
Садыр Жапаровдун таза, ачык мамлекетке айланабыз дегени колдоого татыйт. Эгер чындап эле таза, ачык мамлекетке айлана турган болсок, кызмат үчүн акча сунуштаган адамдардын атын ачыктап, аларга тиешелүү жазаларды берүү керек го. Мындай иштерди ачыктай албаса, анда коррупция менен кантип күрөшөт? Уулуна чалган, 300 миӊ доллар сунуштаган адамдар кимдер? Эмнеге алардын аттары ачык айтылбай жатат. Кимдер, кандай кызмат үчүн акча сунуштап жатканын коомчулук билиши зарыл.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter