Учурда президенттин милдеттин аткарып жаткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт
- 16.10.2020, 12:44,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Конституцияга ылайык, азыркы учурда президенттин милдеттин аткарып жаткан Садыр Жапаров алдыда өтө турган президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Эске салсак, 15-октябрда президент Сооронбой Жээнбеков кызматтан кетүү боюнча арызын жазгандан кийин, анын милдеттин аткаруучу Жогорку Кеңештин төрөгасы Канат Исаев президенттин милдеттерин аткаруудан баш тарткан. Учурда президенттин да премьер-министрдин да милдетин Садыр Жапаров аткарууда.