У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бактыбек Калмуратов жана Эмил Жамгырчиев кармалды


Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Кулмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, алар жеке ишкерден чоӊ суммадагы пара алышкан деп шектелүүдө. 19-октябрда алар Жазык кодексинин 325- беренеси (пара алуу) менен камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
 
Эске салсак, Эмил Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болуп 2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Ал административдик башкаруу боюнча штабды жетектеген. 
 
Бактыбек Калмуратов өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп 2019-жылдын июнь айында дайындалып, 2019-жылдын октябрь айында кызматынан бошотулган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter