Садыр Жапаровдун тарапташтары элди кайрадан митингге чыгууга чакырышууда
- 14.10.2020, 09:06,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду Жогорку Кеңешке кайтарып бергенден бери Садыр Жапаровду колдогондор тынч эмес.
Алар кечээтен бери социалдык тармактарга бүгүн, 14-октябрда кайрадан митингге чыгаары тууралуу билдирүүлөрдү байма бай таратышууда. Арымдары аймактардан атайын камдалган эл борборду көздөй чыкканын айтышса, кээ бирлери элди ачык эле эски аянтка чакырып жатышат.