УКМК: "Тилек Матраимовду Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди"
- 09.10.2020, 10:21,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"9-октябрда өзбек чек арачылары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Аталган адамдар 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалышкан",— деп айтылат маалыматта.
Аталган факт УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 358-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.