У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: "Бишкекте вирус жуктургандар көбөйө баштады, абал курчуп кетчүдөй"


Бүгүн өлкө боюнча 245 адам вирус жуктурса, анын 77си Бишкек шаарынан катталды. Ошол себептен Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетчүдөй болуп тургандыгы тууралуу  саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте мындай көрсөткүч 13-августтан бери боло элек болчу.

"Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын сезону башталды. Муну эске алганда ооруканаларда орундар жетпей, медиктерге күч келип калышы ыктымал. Андыктан ооруну алдын алуу ар бирибиздин өзүбүздөн көз каранды", — деди Абдикаримов.
Министрдин айтымында, башаламандыктын кесепетинен илдет жайылып кетүү коркунучунда турат.

"Өлкөдөгү кырдаалдан улам айрымдар облустардан шаарга келип, кайра айылга кетүүдө. Мындан улам оорунун тарап кетиши ыктымал. Санитардык талаптар сакталган жок. Суук да түштү, суук тийсе эле ал башка ооруларды козгойт. Мындан улам бардык жарандарды санитардык талаптарды, аралыкты сактоого, зарылдык жок болсо көчөгө чыкпоого чакырам", — деди министр.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter