Бишкек мэринин иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп отурат...
- 06.10.2020, 12:23,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп, кабылдамасында калаа башчысы менен жолугууну каалагандардын узун кезеги жаралды.
Бишкек муниципалитетинин имаратын эртең менен митингчилер ээлеп алган. Азыр ал жерде элдик кошуундун жүзгө чукул өкүлү жүрөт.
Оппозициянын катарындагы айрым адамдардын билдирүүсүндө, Коеналиев Азиз Суракматовдун ордуна шаар жетекчиси болууну көздөп жатат. Ал болуп өткөн парламенттик шайлоодон жеңилип калган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер болчу.