Самара Каримова бийликтин партиясы менен шайлоого аттанды
- 02.03.2020, 20:26,
- Саясат / Коом / Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Белгилүү ырчы Самара Каримова 12- апрелде өтө турган Ош шаардык кеӊешине талапкергилин коюп, учурда эл менен жолугушууларды өткөрүүгө камынууда. Сахнадан өз ордун тапкан ырчы айым эми саясаттан өзүн сынап көргөнү турат окшойт.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Самара Каримова бийликтин партиясы менен шайлоого бара турган болуптур.
Эске салсак, ушул жылдын 12- апрелинде 30 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу.