У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: "Ооруканада паспортторду чогултуп, адамдарды каттоого тургузасыңар деп дарыгерлерди кордоп жатасыңар"


Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев административдик ресурс колдонулуп жатканына, мунун арты жакшы менен аяктабастыгына токтолду: 

"Тарыхта Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Алмазбек Атамбаевдин учурунда административдик ресурс колдонулуп келинген. Мына ошондой ыкма азыр дагы алдыда турган парламенттик шайлоодо колдонулуп жатат. Пандемия учурунда дарыгерлерди баатырларга теңедик. Силер өлкөнү сактап калдыңар деп ыраазычылык билдирдиңер. Азыр ооруканада паспортторду чогултуп, адамдарды каттоого тургузасыңар деп дарыгерлерди кордоп жатасыңар. Бир ай мурун баатырга теңеген дарыгерлерди бүгүн кордоп жатасыңар. Мындай ыкманын арты жакшы болбойт. Мыйзам боюнча административдик ресурс колдонгон жетекчилер айып пулга жыгылып, кызматтан алынат. Президент дагы ушул маселени көтөрүп жатат. Бирок арыз жок деп бир дагы адамды жоопко тарткан жоксуңар.


Ошондой эле Кубатбек Боронов премьер-министр болордун алдында бир дагы өмкөт мүчөсү шайлоого аттанбайт деп айтканын эске салды. "Пандемияны басам деген вице-премьер-министр баш болуп премьер-министрдин сөзүн укпай шайлоого аттанышты", - дейт Жанар Акаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter