У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кийин жумушка чыгышты


Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кийин жумушка чыгып, сессияны расмий түрдө ачышты. Эл өкүлдөрү бүгүн жалпы жыйындар өтүүчү чоң залга чогулуп, Кыргыз Республикасынын гимни менен расмий түрдө ачты. Андан соң пандемия маалында каза болгон кыргызстандыктарды жана кесиптеши Чыныбай Турсунбековду эскерип, бир мүнөт аза күтүштү.

Андан соң төрага Дастан Жумабеков депутаттар бүгүн-эртең комитеттерде иштей турганын айтып, өкмөттүн өкүлүнө маанилүү мыйзамдар болсо кароого киргизүүнү сунуштады.

Ал эми жалпы жыйынга бейшембиде, 3-сентябрда, жалпы жыйынга чогулат.
Белгилей кетсек, бул жылы парламенттик шайлоого байланыштуу 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Мындан улам эл өкүлдөрү 3-сентябрга чейин гана иштешет.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter