У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


30-июль, өлкө боюнча коронавирустун курмандыктарына улуттук аза күтүү күнү болот


30-июль өлкө боюнча Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.

Өлкө башчысына коронавирус пандемиясынан улам кайтыш болгондорду эскерип, бир катар мамлекеттер жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялап жатканы тууралуу суроо берилген.
 
"Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буюрса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы. Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө", — деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 124 адамга жетти. Анын ичинен 19 203 бейтап ооруну жеңсе, 1 249у көз жумган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter