У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ажо: "Журналисттин иши сындап жазуу, алар да өз ишин аткарып жатат..."


Ар жуманын ишемби күнү  президент Сооронбай Жээнбеков  "Биринчи радиого" маек куруп, түрдүү суроолорго жооп берип келет. Бул сапар анын дарегине мезгил-мезгили менен сын айткан тигил же бул журналистти, блогерди же жарандык активистти укук коргоо органдарына чакырып калганы, алардын сурак бергени тууралуу суроо узатылды. 
 
Жээнбеков аталган суроого жооп берээр алдында сөз эркиндигинин артында чоң жоопкерчилик бар экенин баса белгиледи. Анын айтымында ар ким өз милдетин аткарышы керек.
 
"Мен президент катары өз милдетимди аракет кылып аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да", — деди өлкө башчы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter