У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент: "Кызым апрель айынан бери эле элге жардам берип жүрөт..."


Ажонун кызы элге жардам берип жүрөт деген маалымат тарагандан тарта элде талкуу күчөдү. Президент кызынын карантин башталгандан бери эле элге жардам берип келгенин айтып, чыккан кыз чийден тышкары экенине, күйөө баласы экөө өз алдынча кайрымдуулук кылып жатканына токтолду. Ошондой эле ал кызынын медицина тармагына тиешеси жок экенин да айткан.

Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчыга "жакында эле медицина факультетин бүткөн президенттин кызы эмнеге эл катары оорулууларды дарылабайт" деген талкуулар болду. Сиздин үй-бүлөңүз тууралуу дээрлик маалымат жок экен. Жакындарыңыз элге жардам берип жатабы?" деген суроо берилген.

Жээнбеков кызы медик эмес экенин айтып, учурда балдары менен үйдө экенин белгилеген.

"Кызым боюнча тактоо киргизип коеюн. Ал Славян университетинин финансы факультетин бүтүргөн. Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө. "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, өз үй-бүлөсү менен алек. Күйөө балам экөө пандемия башталгандан бери, апрелден тарта муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип жатыптыр. Кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот экен. Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Кайрымдуулук иштерин деле тынч жасап жатат, аны токтотпойт деп ойлойм", — деп жооп берген президент.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter