У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дастан Жумабеков: "Интернетти чектөөчү мыйзам долбоору бардыгыбыздын укугубузду коргойт"


Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоорун колдоп чыкты.

"Сөз эркиндигинин абалы бүгүнкү күндө Кудайга шүгүр ачык-айкын. Жарандардын өз оюн ачык айтканга эч ким тоскоолдук кылбайт. 21-кылымда жашап жатабыз. Бул мыйзам долбоору керек. Мурда гезиттерге туура эмес маалымат чыкса, жабырлануучу гезитти сотко бергенге укугу болгон. Ар бир адам өзүнүн укугун коргогонго шарт болгон. Бүгүн маалыматтарды интернет булактарынан алып жатышат. Аталган мыйзам долбоору менен адамдардын укугу ушул жерде корголот. Интернет булактарынан фейктер бир адамды кылбаган ишин кылды десе, ал өзүн-өзү коргош керек да. Бул мыйзам долбоору бардыгыбыздын укугубузду коргойт. Оппозицияда жүргөн мекендештерибизге керектүү мыйзам", - дейт Жумабеков.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter