Илдетке чалдыккан Текебаевдин жубайы ооруканадан чыкты. Өзүнүн абалы жакшырып калды
- 18.07.2020, 14:16,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Экс-депутат, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшырып калды, жубайы сакайды. Бул туурасында анын тарапташы Искен Афиджанов билдирди.
"
Өмүрбек Чиркешовичтин эки тараптуу пневмониясы жакшыра баштады, бирок тилекке каршы сатурациясы тиешелүү нормадан төмөн болууда. Ал эми жубайы ооруканадан чыгарылып, үйүнө келди", — деди Афиджанов.