У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чыңгыз Эсенгулов: "Кубатбек Боронов Гансиде эч кандай ачылыш салтанатын жасап, тасма кесүү кылган жок"


Интернетти аралап жүргөн Бишкектеги "Семетей" пунктунда (мурдагы "Ганси" авиабазасы) адамдар дары-дармектин, кычкылтек концентраторунун жетишсиздигинен каза болуп жатышканда, жаңы партиядагы медициналык техникаларды колдонууга бербей өкмөт башчынын келишин күтүп жатышты деген билдирүү тараган. Аталган маалыматты  өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов төгүнгө чыгарды.

"Бүгүн бир замандашыбыз "Семетей" обсервациясы боюнча өзүнүн пикирин жазган экен. "Биз келгенде жаңы медициналык техникалар турган бир топ коробкаларды көрдүк. Көрсө алар тасма кесип, ачылышын жасоо үчүн өкмөт башчыны күтүп жатышыптыр. Тагыраагы, адамдар өлүп жатканда, алар өкмөт башчынын келишин күтүшкөн экен. Сөз жок..." деген мааниде.

Ушул эле постту биздин белгилүү, сыйлуу жарандарыбыз бөлүшүптүр. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов эч кандай ачылыш салтанатын жасап, тасма кесүү кылган жок. Ал жердеги аткарылып жаткан иштер менен таанышып, дарыгерлер менен сүйлөшүп кайра кеткен. Ушундай оор кырдаалда жалаа жаап, туура эмес маалымат жазуу менимче адамдык сапатка жатпайт. Буга чейин да өкмөт башчы ачык эле айтып, өтүнгөн өкмөттү мактоонун кереги жок, туура (позитивдүү) жаңылыктар менен бөлүшсөк деп. Ошондуктан түзүлгөн кырдаалды эске алып, бири-бирибизди колдоп, көмөктөшсөк жакшы жыйынттыкка келебиз. Туура кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Өзүңөрдү жакшы карап, жакындарыбызга кам көрүп, сак бололу!", - дейт Эсенгулов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter