У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дастан Жумабеков: "Күздө өтчү шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн"


Азыркы учурда COVID-19 пандемиясы качан токтоорун эч ким так айта албайт. Биздин Саламаттык сактоо министрлиги эмес, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да бул боюнча маалымат бере албай жатат. Андыктан күзүндө өтүүчү шайлоо да ушул пандемиядан көз каранды. Мындай пикирин ЖК төрагасы Дастан Жумабеков маалымат булактарынын бирине маек берип жатып билдирди. 

"Өзгөчө абал — бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда мыйзам боюнча шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин", — деди Жумабеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter