Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: "Милициялардын таман акы, маңдай терин жебегиле, 3 айлыкты төлөп бергиле"
- 16.06.2020, 14:45,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул туурасында бүгүн эл өкүлү Жогорку Кеңеште техникалык өкмөттүн курамын караган жыйында айтты.
Бул боюнча жаңы премьер-министр Бороновго кайрылып: "Өзгөчө кырдаалда өзгөчө кордукту милиция менен медицина кызматкерлери көрдү. Анан ал байкуштарды алдап кетейин деп жатасыңар. Таман акы, маңдай терин жебегиле, 3 айлыкты төлөп бергиле. Төлөп бербесеңер, Конституциялык мыйзамды аткарбаганыңар үчүн силерди кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек болот!", - деп маселени кабыргасынан койду.
Боронов "бир аптанын ичинде төлөнө баштайт" деп убада берди.