У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Малга колдонулуучу ивермектин дарысы COVID-19 вирусун 48 саатта өлтүрөт деген маалымат тарады


Адам баласынын айласын түгөткөн апаат вирусту өлтүрүү үчүн дүйнө эли болгон аракетин кылууда. Арга издеген кезде болгон күчтүү антибиотиктерди колдонуу сунушталууда. Мал ылаңына колдонулуучу ивермектин антибиотиги адамдын организминдеги COVID-19 вирусун 48 саатта өлтүрүшү мүмкүн деген божомолду Австралиянын Монаша университетинин жана Мельбрундагы Королдук госпиталдын окумуштуулары айтып чыгышты. Алардын айтымында дары вирусту 99 пайызга жок кыла алат. 

Изилдөөчүлөр лабораториялык шарттарда ивермектин дарысынын коронавирус инфекциясынын клеткаларына тийгизген таасирин талдап, дарыны эки саат өткөндөн кийин кошушкан.

Жыйынтыгында, 24 саат аралыгында рибонуклеин кислоталарынын вирустук ченеми 93 пайызга азайган. Ал эми, 48 сааттан кийин вирус денеде 99 пайызга азайганы айтылат.

Мындан тышкары, эксперимент учурунда ивермектин үлгүлөргө терс таасир тийгизбегени белгиленет.

Окумуштуулар алардын изилдөөсү коронавирус инфекциясына каршы дарыларды колдонуу боюнча аныктоо иштерине жардам берет деп ишенишет. Алардын божомолунда ивермектин SARS-CoV-2 вирусун азайтып, оорунун өөрчүшүн алдын алып, инфекциянын адамдан адамга жугушун чектейт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter