Экс-депутат Болот Шер инсульт алып ооруканага түштү. Бул тууралуу анын бир тууган иниси, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз тастыктады.
Анын айтымында, экс-депутат ооруканага эки күн мурда түшкөн.
"Болот Шер Улуттук госпиталга мурдагы түнү инсульт алып түшкөн. Азыр абалын орточо оор деп баалап жатышат. Миталип Мамытович баштаган дарыгерлер тобу абалына көз салууда", — деди Садык Шер Нияз